Чеченстанда кулап түшкөн вертолет ФСБныкы болушу мүмкүн

Чеченстанда Ми-8 деген вертолет жерге кулап түшүп, жарылып кетти. Анда жалпысынан 15 адам бар болчу. Айрым маалыматтарга караганда, алардын ичинде кеминде 12 адам мерт кеткен болсо керек, дагы экөөсү жарадар болгон. Associated Press маалымат агенттигинин кабарлашынча, вертолет электр линиясына тийип кетип, анан жерге кулап түшүптүр. Такталбаган маалыматтарга караганда, ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБга) таандык экен.
Ал эми шейшембиде орус аскерлери тарабынан тындым кылынган чечен жикчилеринин лидери Аслан Масхадовдун өлүмүнүн айланасындагы чуу басыла элек. Масхадовдун мурдагы өкүлү Маирбек Вачагаев “Масхадовдун орус аскерлери тарабынан өлтүрүлүшү чечен жикчилерин андан бетер радикалдуу чараларга барууга мажбурлады” деп билдирди. “Эми Орусия Чеченстанда буга чейинкилерден да коркунучтуу проблемаларды баштан кечирет” деди Вачагаев.