Өлкөнүн эң ири кесиптик кошуундары уюштурган иш таштоо 50дөн ашык шаарда өтүп жатат. Парижде темир жол байланышы 80 пайызга токтотулду. Баш калаанын Орли аба бекетинде аба каттамдарынын 75 пайызы токтотулат деп күтүлүүдө.
Жума күнгө чейин созулуучу нааразылык акцияларынын чегинде бүгүн 100 чакты шаарда нааразылык жүрүштөрү өтүүдө. Иш таштоочулар өкмөттүк экономикалык саясатын сынга алышууда.
Учурда Парижде Эл аралык Олимпияда комитетинин өкүлдөрү жүрүшөт. Алар Париждин 2012-жылы жайкы олимпияда оюндарын өткөрүү арызына байланыштуу келишкен. Кесиптик кошуундар алардын визитин үзгүлтүккө учуратпоого сөз беришти.