Кучма суракка алынды

Леонид Кучма оппозициячыл журналист Георгий Гонгадзенин мындан беш жыл мурда өлтүрүлүшү боюнча прокурорлордун суроолоруна жооп берди.

Бүгүн Киевде «маалымат каражаттарынын кризистик кырдаалдагы орду» деген темада конференция ачылган эле. Анда Европа Кеңешинин баш катчысынын орун басары Мод де Бор-Букучио Украинанын жаңы өкмөтү Георгий Гонгадзенин өлүмү боюнча иликтөөнү аягына чыгарууга чечкиндүү экенин айтып, бул маркумдун жана анын урук-туугандарынын гана эмес, Украин коомунун да акыйкаттык бар экенине болгон ишенимин бекемдээрин белгиледи

Талкуунун жүрүшүндө бир нече украин журналисти буга чейин бейтараптуулук жобосун бузгандыгын моюнга алышып, мындан ары кимдир-бирөөнүн көмөчүнө күл тартпастан маалымат жайылтууга убада кылышты.