Жалалабатта нааразылык иш чаралары улантылды

ЖАЛАЛАБАТ. 10-мартта Жалалабат облустук бийликтин маңдайындагы митинг жана президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган кол чогултуулар улантылды. Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү талабы менен өтүп жаткан нааразылык акциясы бейшемби күнү өлкөдөгү саясий-социалдык-экономикалык абалга терс баасын берди. 10-мартта Жогорку Кеңештин чукул сессиясына тоскоолдуктар жасалса, ага каршы аракет көрүү, облустук бийликти курчаган жоокерлер менен ички иштер кызматкерлерине элдин талабын колдоо, Аксы окуясына жогорку бийликтин буйругун аткаргандар жоопко тартылганы эскертилип, митингчилерге күч колдонбоо кайрылуусу жасалды. Президент Аскар Акаевдин отставкасы үчүн үч жарым миң адамдын колу жыйналды. Уюштуруучулар митингге эки жарым миңден ашык, ал эми облустук бийлик 250 адам катышканын билдирди.