Ош обласында нааразылык иш чарасы улантылды

ОШ. Түшкө жакын Жалалабаттагы, Карасуудагы жана Өзгөндөгү нааразылык акциялары жүрүп жаткан жерден келишкен атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда митинг болуп өттү. Митингдин жүрүшүндө анын катышуучулары парламенттик шайлоонун экинчи айлампасына байкот жарыяланбаса жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындоо демилгеси ишке ашпай турган болсо таза шайлоолор өтпөйт деген чечимге келишти. Нааразылык акциясынын лидерлеринин бири Мурадыл Бакашов Ош облустук мамлекеттик акимчиликти кайтаруу үчүн Баткен облусунан милиция кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер министрликтеринин аскер бөлүктөрүнөн кошумча күчтөр алынып келингендигин билдирди. Нааразылык акциясынын катышуучулары алардын алдына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн чыкпай жаткандыгын тоготпостук катары баалаша тургандыктарын жарыя кылышты.