ДЕПУТАТТАР АЧЫК АСМАН АЛДЫНДА ПАРЛАМЕНТТИК ТАЛКУУ ӨТКӨРҮШТҮ

10-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары кезексиз сессия өткөрүүгө аракет жасашты. Бирок алар Жогорку Кеңештин имаратына киргизилген жок. Парламенттин эшиги жабылып, милициянын ондогон кызматкерлери имаратты кайтарып турушту. Натыйжада депутаттар ачык асман алдында парламенттик талкуу өткөрүшүп, элге кайрылуу кабыл алышты.
Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияны өлкөдөгү кырдаалды жана 27-февралдагы шайлоону талкуулоо максатында чакырууга аракет жасашты. Бирок Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбегени жана кворумдун жоктугуна байланыштуу чогулган отузга чукул депутат ачык асман алдында парламенттик талкуу өткөрүштү.

Жыйынды Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов ачты:

- Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынын сессиясы болуш керек эле. Конституцияга ылайык президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринин демилгеси менен чукул сессия чакырууга болот. Депутаттардын үчтөн бири сессия чакырууга кол коюп берди. Бирок биздин төрага сессияга келүүдөн баш тартты. Ошого байланыштуу сессияны ачууга юридикалык негиз жок.

Байболовдун айтымында, парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар, болуп көрбөгөндөй сатып алуулар менен өттү. Аны бийлик өзү коштоп, колдоп берди. Мындай парламентке өлкөнүн тагдырын тапшыруу мүмкүн эмес, деди Кубатбек Байболов.

Парламенттик талкууда алгач сөз алган Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев буларга токтолду:

- Биздин өлкөдө болуп жатканды укуктук чектен чыккандык катары баалоого болот. Бийлик шайлоочуларга акча чачууда. Өзүм жөнүндө айтсам, мени шайлоочулар менен жолуктурбай коюуга бардык аракеттер жасалды. Жолдор тосулду. Көчкүлөр жүргүзүлдү.

Бакиевдин айтымында, нааразылык акциясына чыккан эл менен диалогго барууга бийлик аракеттенбей жатат. Бийлик элди башкара албай калды.

Депутат Николай Байло депутаттарды Жогорку Кеңештин имаратына киргизбей коюуну төңкөрүш катары баалап, буларга токтолду:

- Кыргызстанда шайлоо болгон жок. Кыргызстанда сатып алуу болуп өттү. Жаңы базар түзүлдү. Анда сатып алуучу талапкер, сатылуучу товар шайлоочу болду. Бул шерменделик.

Депутат Ишенбай Молдоташев буларга токтолду:

- Бүгүнкү күндө биздин өлкө үчүн оор мезгил келди. Биз баарыбыз шайлоочулардай сатылып кетебиз же атуул катары калабыз. Шайлоо бардык жерде бирдей, окшош болду. Мен шайлоого барган Аксуу шайлоо округунда да сатып алуу, элге арак берүү массалык түрдө жүрдү.

«Кыргыз соттору толук сатылган. Мен муну өз жон терим менен сездим. Мен шайлоо болбой калды деген коллегаларымдын талабын колдойм. Эгерде элди ушундай бийлик бийлесе - анда биздин элдин келечеги жок», деди Молдоташев.

Гагарин шайлоо округу боюнча ат салышкан Алымбай Султанов буларга токтолду:

- Мен үчүн бир гана өкүнүчтүү нерсе - бул жерде атайын кызматтын, милициянын кызмткерлери турушат. Алар бандиттердин колундагы так теке болушууда. Ал эми бандиттер тээ өкмөт үйүндө отурушат. Таластан мен кечээ келдим. Биз таластыктар түштүктөгү элди колдойбуз.

Депутаттардын сөзүнөн кийин алардын кыргыз калкына кайрылуусу жарыяланды. Аны депутат Алевтина Проненко окуп берди:

- Урматтуу мекендештер, бүгүнкү күндө өлкөдө коркунучтуу кырдаал түзүлдү. Акаев шайлоону пайдаланып, парламентти үйбүлөсү жана жакындары менен куроого аракеттенүүдө. Ал үчүн шайлоочуларды сатып алуу, административдик каражатты пайдалануу кеңири жүрдү. Буга жол берген президент мындан ары кызматта калууга укугу жок. Биз 2005-жылдын июль айына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындоону, парламенттин мөөнөтүн ноябрь айына чейин узартууну талап кылабыз. Күзгү парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өтүш керек. Тартип коргоо органдарынан элге күч колдонбоону өтүнөбүз.

Бул кайрылуу бир добуштан кабыл алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев парламенттик талкуу болгондугу тууралуу расмий кагаз келсе, ошого жараша маселе караларын билдирди. Ал эми парламенттик угуу өткөргөн депутаттар элдин талабын аткаруу максатында Кыргызстандын элинин биримдиги аттуу координациялык кеңеш түзүлгөнүн жарыялашты.