Каракулжа районунда нааразылык акциясы уланууда

БИШКЕК. Ош обласынын Каракулжа райондук соту аталган райондон депутаттыкка ат салышып жаткан Дүйшөн Чотоновдун шайлоонун биринчи турун жокко чыгаруу тууралуу арызын кароодон баш тартты. Ага нааразы болгон Дүйшөн Чотоновдун жактоочулары 7-мартта райондук администрациясынын имаратынын алдына чыгышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына Дүйшөн Чотоновдун райондогу ишенимдүү адамы Бермет Жакыпова кабарлады. Ушул эле күнү аталган райондун акими Рашид Тажибаев жогорудагыдай маалыматты тастыктап, бирок жүзгө жетпеген адам чыккандыгын кошумчалады. Ал эми Дүйшөн Чотоновдун маалыматына караганда, беш жүзгө жакын адам чыкты.