Оппозициячыл саясатчы, депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбеков Нарын чөлкөмдүк шайлоо комиссиясынын токтому менен шайлоодон четтетилди. Аймактык шайлоо комиссиясына нааразы болгон эл бүгүн (6-мартта) Нарын шаарынын борбордук аянтына пикетке чыгышса, Нарын районундагы шайлоочулар Карачий кыштагынын жанында Бишкек-Торугарт жолун буушту.
6-март күнү саат сегизден тарта Нарын шаарынын борбордук аянтына эл топтоло башталды. Көрсө, алар 5-март күнү болгон Нарын чөлкөмдүк шайлоо комиссиясынын токтомуна нааразы болгондор экен.
5-март күнү кечинде № 33 Нарын чөлкөмдүк (округдук) шайлоо комиссиясы талапкер Карганбек Самаков тарабынан жазылган арыздын негизинде анын атаандашы, оппозициячыл саясатчы Ишенбай Кадырбековдун талапкерлигин көпчүлүк добуш менен алып салуу тууралуу токтомун чыгарган.
Ишенбай Кадырбеков болсо "бийликтер артымдан сая жүрүп, акыр тапкан шылтоосу ушул" деп билдирди:
- Мен кечээ күнү Нарынга Бишкектен келдим.Бул окуя 2-мартта болгон. "Жакышы эле" иштешти, артыбыздан жүрүштү, издеди шылтоону, акыры таба алган жок. Акыры тапканы ошол шылтоо болду. Бизде тынчтык болсо жакшы болмок. Ошондуктан биздин президентибиз айтты эле: «Таза Кыргызстан» деген программа, таза шайлоо болсун!" - деп, ал эми кылганын көрүп отурасыңар.
Нарын шаарында топтолгон эки миңдей адам бүгүн нааразылык жыйынын (митинг) өткөрүшүп, «Ишенбайды шайлоодон алгандарга каргыш», «Баардык бийлик ээлери кызматтан кетсин!» деген жазууларды көтөрүп турушту.
Бишкек-Торугарт автожолунун Нарын районундагы Карачий айылына жакын жерде да эл кан жолду бууп, ары-бери каттаган автоунааларды өткөрбөй жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, биз окуя болгон жерге барганыбызда, Акмойнок аттуу жерде миңге жакын топтолгон эл эки жерге автоунааларды токтотушуп, кан жолдун дал ортосуна бир боз үй тиге башташыптыр.
Алардын арасында райондун акими Рысбек Шалтаев да бар экен.
- Мобу жердеги балдардын оозунан жыттанып атат. Ичип алып келип туруп мага ызырынып атат. Бул жерге мен элим үчүн келдим, - деген пикирин айтты Рысбек Шалтаев.
Жол тоскон шайлоочулардын арасындагы улгайган аял мындай пикирин айтты:
- Биз Ишенбай үчүн керек болсо өлгөн жатабыз. Мисалы үчүн мен бүгүн өлүп калсам, ачкадан өлдү деп айткыла. Эл-журт, кагылайын. Мына бүгүн таңкы саат төрттөн бери турам.
Жолду бууган шайлоочулар Ишенбай Кадырбековдун талапкердиги калыбына келтирилмейинче жолду ачпай тургандыгын билдиришти.
Алар менен жолуккан губернатор Шамшыбек Медетбеков сот жана шайлоо бийликтери менен бул маселени талкуулап, окуяны кылдат иликтей турганына убада кылды.
Нарын шаарындагы жыйындын катышуучулары дүйшөмбү күнү нааразылык чарасын кайра улантаарын айтып, кечкурун тынч таркады, ал эми Карачийде жол тоскондор таркаша элек.