Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы менен Жалабатта 4-мартта башталган нааразылык чарасы жекшембиде да улантылды. Ага эки миңден ашык адам катышты. 4-марттан бери облустук бийликтин имаратынын ичинде турган 150 кишинин ал-акыбалы жакшы. Ал эми Аскар Акаевди жактап, Кыргызстан элдик кыймылынын Жалалабат облустук бөлүмү уюштуруп жаткан нааразылык чараларын айыптаган митингге казыналык мекемелерде иштеген бир миңден ашун адам катышты.
Жалалабат шаарынын казыналык мекмелеринен келишкен бир миң эки жүз чакты жаран «Биз Аскар Акаев мененбиз» деген ураан алдындагы каяша митингде Кыргызстан элдик кыймылынын бөлүмү 4-марттан бери өткөрүп жаткан пикетти айыпташты.
Элге тынчтык, ынтымак зарылдыгын белгилеген ардагер Мамат Нурматов Аскар Акаев элдин 75 пайыз добушу менен шайланган дейт:
- Мындай кызуулук, айкырык-кыйкырык менен элди эки тарапка бөлүп жатышат.Өзүбүздүн талабыбызды президентке, бийликке коелу ошону аткарышсын. Мөөнөтүн берели, колунан келбесе кетсин дейли. Андан кийин ультиматум коелук. Жөндөн жөн эле көчөдө жүздөй киши президент кетсин десе эле кетип калмак беле. Элдин 75 пайызы шайлап койгон да президентти .
Ардагер Клавдия Святкина Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылгандарды жоопко тартууну сунуш кылды:
- Бул митингди уюштургандарды жазалоо керек. Аскар Акаев биз менен, Акаев- элдин тынчтыгы .
Студент Азиз Сатаровдун ою боюнча, таза шайлоо долбоору ишке ашпаган бийлик ордун бошотушу керек:
- Биз жаштар келечекти ойлошубуз керек. Бардыгын башынан башташ керек. Себеби шайлоо чындык жол менен өткөн жок. Баардыгы жалган. Шайлоо комиссиялар болсо сатылып кеткен .
Шаарда бир убакта өтүп жаткан атаандаш акциялардын катышуучулары ортосунда өз ара кагылышуулар болуп кетпесин деп арасын милиция бөлүп турду. Облустук бийлик имаратынын короосунун кире беришин аскер бөлүктөрдүн үч катар тизилген жоокерлери бөгөп алышкан.
«Эрк» партиясынын облустагы башчысы Медер Үсөнов 4-марттан бери облустук бийлик имаратынын ичинде турган 150 кишинин ден соолугу жакшы экендигин билдирип, оюн мындай улантты:
- Буга окшогон жалганчыларды биз кечире албайбыз. Губернатор кеткенден кийин, ички иштер жана атайын кызматтардын жетекчилери, прокурор, бүт кызматтан кетиш керек. Бул жерде азыр губернатордун бийлиги калган жок. Акырына чейин күрөшүп, кудай кааласа президентти ордунан алып тынабыз.Президент кетмейинче элдин турганы турган болот.
Жетимиш алты жаштагы Мадам Эргешов деген карыя өз эсебинен Аскар Акаевдин бир жуманын ичинде митингчилердин алдына келүүсүн өтүнгөн телеграммасын жөнөтүү ниетин билдирди:
- Беш, он күнгө чейин биз жооп күтөбүз. Ар кандай иш болуп калат. Ушул күндүн аралыгында келсе келсин. Келбесе кетсин. Эмнеге калкты тоготпойт.
Облустук бийликтин имаратын ээлегендердин бири Манзура Акушова жакырчылык менен жумушсуздуктун, келечектин бүдөмүктүгүнөн бийликти алмаштыруу жолун тандап алгандыгын билдирди:
- Үч күн мурда обустук имараттын ичине кирдик. Өкмөттөн көп нерселерди күттүк эле. Алар орундалган жок. Биз жакырчылыктын чегине жетип бүттүк. Балдарыбыз талаалап, башка чет жакадагы мамлекеттерде кандай гана кыйынчылдык шарттарда иштеп жүрүшөт. Келечегибиден үмүт жок болгондуктан, ушундай кадамга барууга аргасыз болуп турабыз.
Айнура Нуриева ырасмий бийликтин үч күндөн бери бийлик имаратынын ичинде тургандар арак ичип, туруп бергендиги үчүн акча алууда деген айыптарын четке какты:
- Танаев айтыптыр, бул облустук акимчиликте отурган адамдар акыры тажагандарынан кетишет, талаптары аткарылбайт деп. Бул жердегилерге сырттагы адамдар кам көрүп жатышат. Нан менен чай ичип олтурабыз. Бизге бул жерде эч ким арак коюп койгон жок. Эгерде биздин сунушубузду укпай турган болсо, биз өзүбүз каалаган губернаторду коюп алабыз. Эл өзү каалаган губернаторун шайлап алат. Андан талаптарыбыз аткарылбаса жүрүшүбүздү Бишкекке Ак үйгө чейин токтотпойбуз.