АБУ ДАБИ. Германия Ирактын инженерлерин окутуп, үйрөтүү үчүн Араб Эмирликтеринде аскердик инженерлердин бир батальонун жайгаштырууга макул болду. Араб Эмирликтеринин Абу Даби шаарында кол койулган келишимге ылайык, немец инженерлери ирактык кесиптештерине жолдорду оңдоого үйрөтүшөт. Парсы булуңундагы өлкөлөргө жасаган визити соңуна чыгып бараткан канцлер Герхард Шрөдер жаңы батальон кеминде 2,5 миллион евро менен бааланган курулуш жана аскердик жабдуулар менен камсыз кылынаарын, курулуш ишин үйрөнө турган ирактык аскерлер да керектүү курулуш жабдуулар жана тез жардам машинелери менен жабдылаарын билдирди. Германиянын аскерлерлери ошондой эл Ирактык солдаттарды Германиянын өзүндө дагы машыктырмакчы.