Норвегиянын кырсыкка учураган танкеринин экипажы аман-эсен куткарылды

МАНДИЛЬ/ НОРВЕГИЯ. Норвегиянын түштүк жээгиндеги Мандиль шаарынан алыс эмес жерде кырсыкка учураган танкердин экипажы аман-эсен куткарылды. 28 экипаж мүчөсүн кырсыкка учураган танкерден вертолеттор менен алып чыккан куткаруучулар тобу узундугу 170 метр келген алп-танкердин бактарында 800 тонна күйүүчү май бар экенин билдирет. Эгерде ал май деңизге акчу болсо, айлана чөйрөгө олуттуу зыян келтирилмекчи. Танкер Норвегиянын "Ферд Чемпион" деген компаниясына таандык.