Көз карандысыз журналисттин тажыясы бүгүн өткөрүлөт

Мындан эки күн мурда Баку шаарындагы үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн белгилүү журналист Элмар Хусейновдун тажыясы бүгүн өткөрүлөт. Өлкө оппозициясы бийликке каршы кеңири каршылык акцияларын баштоого чакырууда, президент Илхам Алиевдин айтымында болсо бул өлүм - өлкөнү бейстабилдештирүүнү каалаган күчтөрдүн пайдасына иштеп жатат:

- Азербайжандын соңку тарыхындагы бул алгачкы мындай окуя. Буга чейин өлкө журналисттери тынч абалда иштеген жана мындай абалга туш келген эмес. Бул өлүм биздин мамлекет үчүн, Азербайжандын демократиялык өнүгүүсү үчүн катуу сокку, - деди президент Алиев. Хусейнов "Монитор" деген журналдын редактору болчу жана бийликти катуу сындаган макалаларды жарыялап келген. Европа кеңешинин баш катчысы Терри Дэвис азери бийлигине кайрылып, кылмышкердерди таап, аларды жоопко тартууну талап кылды.