Өзбекстанда укук коргоочулар түрмөдөн бошотулду

Өзбекстандагы укук коргоочу Сурат Икрамов “мыйзамсыз диний ишмердүүлүк” үчүн айыпталган алты адам президенттик мунапыстын чегинде түрмөдөн бошотулгандыгын кабарлады. Икрамовдун айтымында, бул боштондукка чыккан алты адам 5 жыл бою өздөрү мойнуларына албаган кылмыш үчүн камакта олтурушту. Алардын экөөсү 350 доллардан айып төлөшкөн. Президенттик мунапыс өткөн декабрда жарыяланган.