Коалиция БШКга сунуштарын берди

БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы парламенттик шайлоонун 13-мартта өтө турган экинчи айлампасына даярдыктар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштарын жарыялады. Анда 27-февралдагы мыйзам бузууларга байланышкан арыз-даттанууларды дыкат иликтеп, зарыл шартта кылмыш козгоо үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүү, участкалык шайлоо комиссияларынын милдеттерин чучукулак кармоо жолу менен бөлүштүрүү, бармакка белги коюу тартибин өркүндөтүү, өкмөттүк жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын үгүт учурундагы ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу өндүү сунуштар айтылган.