Британиянын тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Билл Раммеллдин Өзбекстанга келүүсүнө ырасмий Ташкен уруксат бербей койду.
Раммеллдин Ташкенге барбай калганын ырасмий Лондон тастыктап, ага Өзбекстандагы адам укугун бузуулары жөнүндө сөз кылуу ниети болгону үчүн уруксат берилбегенин билдирди.Өзбек өкмөтү визиттин болбой калуусу боюнча ырасмий түшүндүрмө бере элек. Раммелл бүгүн башталчу эки күндүк сапарынан бир нече күн мурда Өзбекстандагы адам укугунун бузуулар өтө олуттуу экенин билдирген.
Адам укугун коргоочулар өзбек бийликтерин адам укугун бузууларды адатка айлантып алды деп күнөөлөп жүрөт.