Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүндө митинг болду

ЖАЛАЛАБАТ. Митингде 27-февралда өткөн шайлоого нааразылыктар айтылып, президент Аскар Акаевдин таза шайлоо өткөрүү чакырыгы жер-жерлерде ишке ашпай атканы белгиленди. Шайлоонун экинчи айлампасын адилет өткөрүү жана жергиликтүү бийликтин шайлоого кийлигишпей, №31 Көкарт шайлоо аймагында участкалык 14- шайлоо комиссиясынын курамын жаңыдан түзүү жана мамлекеттик кызматтардын шайлоочулардын тандоо эркине кысым көрсөтүүсүн токтотуу талаптары коюулду. Ал жөнүндө президент Аскар Акаевге, Борбордук жана облустук шайлоо комиссияларынын башчыларына кайрылуу кабыл алынды. Кайрылуудагы талаптар 4-мартка чейин аткарылбаса, жума күнү облус борборунда наараызылык чарасын өткөрүү макулдашылды. Митингге төрт жүздөн ашык адам катышты.