КУРМАНБЕК БАКИЕВ: “ШАЙЛОО АДИЛЕТСИЗ ӨТТҮ”

Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев 2-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, өзү ат салышкан №25Караүңкүр шайлоо округундагы жана жалпы эле өлкө боюнча шайлоо кампаниясынын жүрүшү боюнча билдирүү жасады. Маалымат жыйынында Курманбек Бакиев 27-февралдагы шайлоого адилетсиз жана акыйкатсыз деп баа берди.
Кыргызстан элдик кыймылынын штабында өткөн маалымат жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектен ат салышып, бирок жеңилип калган Николай Байло менен Алевтина Проненко да катышты.

Алгач сөз алган Курманбек Бакиев үгүт кампаниясын жүргүзүү учурунда ага ар тараптан тоскоолдуктар жасалганын жарыялады. Анын айтымында, аны атып салуудан башка бардык айланы жасап, жолуна атайлап көчкүлөрдү түшүрүп, шайлоочуларды коркуткан жерде коркутуп, башка жеринде бир кап ун, 200 сом менен сатып алып жатышты.

Курманбек Бакиев ага каршы жасалып жаткан иштердин артында президенттик шайлоо жатат дейт:

- Мага каршы жасалган иштердин баары күзгө белгиленген президенттик шайлоого барып такалат. Мындан үч жыл мурун Алабука районундагы шайлоочуларым президенттик шайлоого катышасың деп ультиматум коюшкан. Ошондуктан бийлик кандай болбосун парламенттик шайлоодо мени кулатып, парламентке шайлана албаган адам, кантип президенттикке ат салыша алат деп айтып чыгууну көздөөдө.

Кыргызстан элдик кыймылынын лидери президент Акаевди да сындап өттү:

- Биздин президент Акаевдин бүгүнкү айтып жаткан сөздөрү менен жасалып жаткан иштер теңирден тескери. Мен муну Тогузторо районунан кайтып келатып, Кочкордо митинг жасап жаткан Акылбек Жапаровдун жактоочуларына да айттым. Анткени чыныгы абал ушундай.

Курманбек Бакиев парламенттик шайлоо акыйкатсыз жана адилетсиз өттү деп билдирди. Анын айтымында, оппозиция парламентке карай жолдо канчалык тоскоолдуктар болгон сайын ого бетер күчтөнөт.

Бишкек шаарынан ат салышкан талапкер Николай Байло буларга токтолду:

- Кыргызстанда жаңы саясий базар түзүлдү. Анда сатып алуучу талапкер, сатылуучу товар- шайлоочу. Жолугушууларда эмне бере аласың, эмне жасай аласың деген гана маселе турду. Мындай мыйзамсыздык бийликтин маалымат жаатындагы монополиясы менен күчөтүлдү.

Алевтина Проненко жалпы эле шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу маселесин койду. Бул маселени оппозиция өкүлдөрү өзүнчө талкууламак болушту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев 27-февралда шайлоо ачык жана адилет өткөрүлгөнүн жарыялаган. КМШ байкоочулары да шайлоонун мыйзам бузуусуз өткөнүн билдирген.

Бирок ЕККУ жана бир катар жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар шайлоонун эл аралык демократиялык стандарттарга туура келбегинин алдын ала чыгарган бүтүмүндө жарыялаган.

Курманбек Бакиевдин айтымында, добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аз болду. Бирок үгүт кампаниясы учурундагы сатып алууларды, коркутуп-үркүтүүлөрдү, тоскоолдуктарды, чектен чыккан административдик кийлигишүүлөрдү эл аралык байкоочулар да толук билбей калышты.

Жакынкы келечектеги иштер тууралуу Курманбек Бакиев буларга токтолду:

- Экинчи турдан кийин биздин кыймыл бардык күчүн топтоп, өз ишин чечкиндүүрөөк жүргүзө баштайт. Мен шайлоо учурунда ушунчалык чоң сабак алдым, эми мени чечкиндүү кадамдарга үндөөнүн кереги жок. Мен биздин кыймылды жана тарапкерлерди жетектеп, активдүү күрөш жүргүзүүгө даярмын.