Бүгүн Беларус республикасында базарлардагы сатуучулар жалпы нааразылык акциясына чыгып жатышат. Алар жакында өкмөт тарабынан Москвадан импорттолгон товарларга НДС же наркка кошумча салыкты, 18%га жогорулатууга каршы экендигин билдиршүүдө.
“Перспектива” деп аталган ишкерлер Ассоциациясынын өкүлү Александр Лапотканын айтымында, ишкерлер бул салыкты кечээ төлөшү керек эле. Кечээ акыркы күн болчу, бирок 80 миңге жакын сатуучу атайылап эле салык төлөөдөн баш тарткан.
Бүгүн алар Минсктеги борбордук аянтка чогулуп, президент Александр Лукашенконун администрациясы киргизген өзгөрүүгө каршы экендиктерин даңазалайт деп күтүлүүдө. Бул – акыркы бир эле ай ичиндеги экинчи жолку ири демонстрация боло тургандай. Биринчиси 10-февралда болуп, анда да күн тартибине салык проблемасы коюлган эле.