Хариринин өлүмү кылдат иликтенет

Эки жума мурун өлкөнүн мурдагы премьери Рафик Харири киши колдуу болгон эле. Көпчүлүк кол салуу үчүн жоопкерчиликти Сирияга жүктөөдө. Баш калаа Бейруттун көчөлөрүнө миңдеген адамдар чыгып, өкмөткө каршы акция өткөрүп жатышат.
Демонстранттар Сириянын аскерлери Ливандан чыгарылсын деп талап кылышууда.
Парламенттин спикери Набих Берри өкмөттү Хариринин өлүмүн кылдат териштирүүгө үндөдү.
Сирия жана Бейрут өкмөтү экс-премьердин өлүмүнө тиешелери жоктугун ырастап келатышат.