Рушайло экс-элчилердин шайлоодон четтетилишин жактабайт

БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоого экс-элчилердин кирбей калышын шарттаган мыйзамды жактабай тургандыгын журналисттерге 27-февралда Шериктеш өлкөлөрдүн байкоочулар кеңешинин башчысы Владимир Рушайло билдирди. Бул маселе КМШ байкоочуларынын шайлоого байланыштуу отчетуна тиркелет. Өз отчетун КМШ байкоочулары БШК шайлоо жыйынтыгын ырасмий жарыялагандан кийин ачыктамакчы. Рушайлонун айтымында, учурда шериктеш өлкөлөрдөн 218 байкоочу 69 участокто байкоо жүргүзүүдө. Добуш берүү учурунда одоно мыйзам бузуулар байкалган жок.