Элдик кыймыл билдирүү таратты

БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңеши 26-февралда тараткан билдирүүдө парламенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаалга бушаймандык жана тынчсыздануу айтылган. Билдирүүдө кыргыз бийлиги оппозициялык маанайдагы күчтөргө күч менен бийликти тартып алууну көздөп, диний экстремисттик, террорчулукту күчөтүүдө деген доомат койгону негизсиз деп жазылган. Кыргызстан элдик кыймылы билдиргенге караганда, кыргыз бийлиги Конституцияны одоно бузуп, президент Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу үчүн референдум өткөрүүгө кол топтоп жатат. “Кыргызстанда сөз эркиндигине, эркин маалымат алууга, элдин коопсуздугуна коркунуч туулганын билдирүү менен Кыргызстан элдик кыймылы Конституциянын чегинде жана адам укуктарын сактоо менен тынч, акыйкат шайлоо өтүшүн колдойт” деп айтылат билдирүүдө.