БРАТИСЛАВА. Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Жорж Буш менен өткөн саммиттин жыйынтыгына канааттанганын билдирди.Бул жөнүндө Путин бүгүн Словакиянын өкмөт башчысы Микулаш Дзуринда менен бирге өткөргөн прессконференцияда айтты. Ал Эми Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия-АКШ саммити эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө негиз салды, деп айтты. Буш саммитте Россия демократиялык жолдон чыгып баратат, деген тынчсыздануусун билдирген эле. Ал эми Путин Россия демократиянын принциптеринен тайбай турганын айткан.