Нарын АЙЫП, Прага Ооган президенти Хамид Карзай 23-25-февралда кызмат сапары менен Индияда болду. Андан он күн мурда Ооганстанга Индиянын тышкы иштер министри келип кеткен. Соода-экономикалык байланыштарды күчөтүү сүйлөшүүлөрүнөн тышкары, эки тарап ооган аймагы аркылуу Түркмөнстандан Индияга чейин жеткен газ куурун жаткыруу маселелерин талкуулады.
Түркмөн газын Индияга чейин жеткирүү маселеси Индиянын тышкы иштер министри Натвар Сингх 16-февралда Кабулга келгенде да талкууланган. Андай куур, эгер жаткырылса, Индияга жетиш үчүн Ооганстан менен Пакистандын аймагы аркылуу өтүүгө тийиш.
Бирок Пакистан азыр кошуна Иран менен сүйлөшүү жүргүзүп, ирандын газын алуу үчүн өз алдынча куур жаткыруу долбоор үстүндө иштеп жатат, ошондуктан кээ бир эксперттердин пикиринде, дагы экинчи куур жаткыруу татаал болушу мүмкүн.
Анткен менен Швециянын Уппсала университетинин Жаңы жибек жол программасынын деректири Никлас Сванстромдун айтымында, эки куур деле ашыктык кылбайт:
- Индия дагы, Пакистан дагы табигый газга өтө муктаж, ошондуктан, бир куур башка куурга жолтоо болбойт. Каржылоо жагынан алганда дагы эки куур салганда бир топ нерсени үнөмдөп алса болот. Бирок мен андай болбойт ко деп ойлойм, анткени эки долбоор тең көптөгөн саясий маселеге такалат.
Президент Карзай маселени 25-февралда Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх менен сүйлөшкөндө көтөрдү жана индия тарап ага жалпысынан макул болду, бирок Пакистан менен кошумча сүйлөшүү жүргүзүү керек экенин билдирди.
Пакистан президенти Первез Мушарраф болсо мурда бул маселеде куурдун коопсуздугун камсыз кылуу эң маанилүү деп айткан. Курула турган болсо, куурдун узундугу 1680 чакырымга жетет жана долбоорду ишке ашырыш үчүн бардыгы болуп үч миллиард 300 миллион доллар керек.
Куур маселесинен тышкары 24-февралда Индия менен Ооганстан ортосунда авиация жана радиоинженерлерин даярдоо боюнча келишимге кол коюлду. Ал келишим боюнча Индия ооган аэропортторундагы инженерлерди окутат, андан тышкары сателлит сыналгы тармагын өнүктүрүп, Кабул шаарын он провинция менен бириктирет.
Карзайдын айтымында, ал жакында Пакистан жетекчилиги менен жолугуп, Ооганстан жана Индия ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн корридор ачып берүүнү сурады. Индия Ооганстандан килем жана кургатылган жемиш алууга кызыкдар, өзү болсо Ооганстандын аймагы аркылуу Борбор Азия жумурияттарына чыгууну эңсейт.
Индиянын Бангалор шаарындагы "Ислам үнү" аттуу гезиттин редактору Макбул Ахмед Сираждын айтымында, Ооганстан Индия үчүн маанилүү өлкө:
-Индия жетекчилеринин пикиринде, Ооганстан Азиянын өтө маанилүү регионунда жайгашкан жана анын аймагы аркылуу Борбор Азия жумурияттарына соода жолун ачса болот. Ошондуктан Ооганстанда акыркы жылдарда болгон өзгөрүүлөрдөн кийин Индия бул мамлекетке өзгөчө көңүл бура баштады, анткени ал Борбор Азия менен сооданы күчөтүүгө өтө кызыкдар. Аны менен катар, албетте, Ооганстан аркылуу газ куурун жаткыруу дагы Индиянын пайдасында.
Дели шаарындагы сүйлөшүүлөр учурунда башка тармактардагы кызматташуу маселелери дагы талкууланды, мисал үчүн Ооганстан индиялык мугалимдер жана доктурлардын өлкөгө келип иштеп берүүсүн суранды.