АКШ Кыргызстандан демократияга умтулууну издейт

БИШКЕК. «Эгер шайлоо маалында мыйзам бузуулар бүт өлкө аймагында массалык түрдө байкалса, ал эл аралык коомчулукту иренжитет». Мындай пикирин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивенг Янг «Лимон» гезитине берген маегинде билдирди. Анын пикиринде, АКШ Кыргызстандан демократияга умтулуу көрүнүштөрүн издейт. Эгер Кыргызстан алдыга кадам жасаганын көрсөтө турган болсо, ал АКШнын «Миң жылдыктын чакырыктары» программасынын алкагында жардам алуусуна жол ачылат. Анткени, АКШ президенти Жорж Буш ал программа үчүн үч миллиард доллар сурап жатат. Стивенг Янг бул маегинде өлкөдө талапкерлердин шайлоочулар менен бирдей деңгээлде жолугушуусуна мүмкүнчүлүк жок экендигине кабатыр экендигин, демократия бийликтин алмашуусун шарттаарын жана 15 жылдык башкаруу бир адам үчүн өтө узак мөөнөт экендигин белгиледи.