Нарын АЙЫП, Прага Виетнамдын Хо Ши Мин шаарында 23-февралда башталган эл аралык конференцияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги куш ылаңынын дүйнөгө тарашы боюнча бир нече билдирүү жасады. Алардын айтымында, шашылыш чара көрүлбөсө, жакында дүйнөдө эпидемия башталышы мүмкүн жана көптөгөн миллион адамдын өмүрү коркунучка кабылат.
Виетнамдагы конференцияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун регионалдык деректири Шигеру Оми 23-февралда чыгып сүйлөп, куш ылаңы азыр дүйнөгө ири коркунуч түзүп жатканы тууралуу билдирди:
- Жаңы маалыматтарга караганда, куш ылаңынын вирусу адамдан адамга да жугушу мүмкүн, ошондуктан анын коркунучу мурда ойлогондон алда канча жогору жана ал тийгизе ала турган зыян - өпкөнүн өзгөчө сезгенишинен да алда канча жогору болушу мүмкүн.
Конференцияга жыйырмага жакын азиялык мамлекеттин өкүлдөрү чогулду, аны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Бириккен улуттардын Азык-түлүк агенттиги биргелешип өткөрүүдө.
Конференция катышуучуларынын айтымында, оору мурда ойлогондон алда канча катаал экени аныкталууда жана ага каршы күрөшүү үчүн мурда пландалгандан алда канча көп күч жана каражат керек болот.
Шигеру Оминин айтымында, вирус азыр куштардан башка жаныбарларга өткөн учурлар да бар:
- Азырынча вирус мышыктар менен жолборстордон гана табылды, бирок биз мурда куштан башка жаныбарлар вируска чалдыкпайт деп ойлогонбуз. Ал аз келгенсип, ылаңдын жаңы эпидемиясы башталса, ал 1997-жылы Гоңкоңдо тараган эпидемиядан алда канча кеңири жайылат. Вирус өнүгүп жатат жана анын кандай дагы жаңы түрлөрү пайда болоору белгисиз.
Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде куш ылаңы былтыр жана мурдагы жылы жазында башталып, андан кутулуу максатында 140 миллион баш куш өлтүрүлгөн. Андан түшкөн зыяндын өлчөмү 10 миллиард доллардын тегерегинде деп айтылууда.
Окумуштуулардын айтымында, оорунун вирусу өрдөктөрдүн организминде жакшы сакталат экен, алар өздөрү оорубаганы менен, бирок ылаңды таратууга катышат.
Жапаниялык илимпоздордун айтымында болсо, алар куш ылаңын тараткан чымындарды да кармады. Андан тышкары, вирус ооруну чыгарбай, организмде көп убакытка чейин жай жата бере турганы дагы аныкталды, андай болгондо, адамга жуккан вирустан качан оору башталаары анык эмес жана аны менен кантип күрөшүү керек экени да белгисиз.
Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дагы бир кызматкери Дик Томпсондун айтымында, адам менен байланыштуу изилдөөлөр аягына чыга элек, ошондуктан коркунуч канчалык чоң экенин азырынча так айтуу кыйын:
- Былтыр куш ылаңынын адамга жуккан кыркка жакын гана учур катталган, бирок ооругандардын көбү кайтыш болгон. Анткен менен азырынча ал вирус адамдан адамга жуга алышы так далилдене элек.
Эпидемия негизинен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде болгону менен, былтыр европалык адамдарга да оору жуккан. Окумуштуулар болсо адамга жуккан куш ылаңына каршы бир топ жаңы дары чыгарды, бирок маселе азырынча - ал дарылар бардык эле адамдар үчүн жарактуу болбой жаткандыгында, ошондуктан дагы кошумча изилдөөлөр керек жана ал үчүн дагы кошумча каражат менен убакыт талаптуу.