Кыргыз өкмөтү Париж клубунун чечимин күтүп жатат

БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин билдиргенине караганда, Кыргыз өкмөтү «Сентерра Голд» ишканасындагы өз акциясынын калган бөлүгүн жакын арада сатпайт. Эгер Кыргызстан мындай кадамга барса, акциянын 75%и тышкы карыздарга кетет. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү Париж клубунун карыздарды кечүү боюнча чечимин күтүп жатат. Париж клубу Кыргызстандын маселесин 10-марттагы отурумунда караары күтүлүүдө. Белгилеп койчу жагдай, Кыргызстанда «Сентерре голд» ишканасынын 33% акциясы бар. Анын бир бөлүгүн былтыр сатып, андан 87 миллион доллар пайда көргөн.