Иракта өкмөт башчылыкка ат салыш

Иракта премьердин кызматы үчүн күрөш башталды. Азыркы өкмөттүн башчысы Ияд Аллави жаңы коалиция түзүп, анын колдоосу аркасында премьерликке ат салыша тургандыгын ырастады. Парламентте көпчүлүк орундарды утуп алган шейиттердин блогу азыркы вице-президент Ибрагим ал-Жафаарини бу кызматка талапкер кылып көрсөткөн эле. Бириккен Ирак альянсынын бул чечимин күрттөрдүн блогу колдоду. Ибрагим ал-Жафаари премьер-министр аркалай турган жоопкерчилик чоң экенин белгилеп, эгер көпчүлүк колдосо Ирактын таламдары үчүн бардык күч-жигерин жумшап, кызмат кыларын билдирди.