Иранда зилзала курмандыктарынын саны 900гө чыкты

Керман провинциясынын акиминин орун басары Мохаммад Жавад Фадаей билдиргендей, курмандыктардын баарынын сөөгү табыла элек жана жараат алгандардын саны 900гө жетти. Кечээ эртең менен күчү 6.4 даражага жеткен жер титирөөдө бир нече айыл тып-тыйпыл талкаланып калды. Үй-жайынан ажыраган көп адамдарга чатыр, жууркан-төшөк жеткирилди. Ушул эле провинцияда 2003-жылдын декабрында жер катуу титиреп, 30 миңден ашык киши набыт болгон.