Муса Мураталиев, Москва Жекшемби күнү АКШнын президенти Жорж Буш Вашингтондон Европага учуп келди. Брюсcелде элден мурда Европа биримдиги жана НАТО жетекчилери менен, андан кийин батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолукмакчы. Бейшемби күнү Словакиянын ордо калаасында Орусия президенти Владимир Путин менен да жолугушуусу күтүлүүдө.
Жекшембиде президент Жорж Буш орусиялык ОРТ сыналгысына берген интервьюсунда «Путин экөөбүздүн мамилебиз жаңы башталып аткан жери жок. Ал экөөбүз доспуз» деди. Анализчилер баамында америка-орус саммитинде талкууга алынуучу маселе тышкы саясат болот. Америкалык эки палата тең жакында Орусияны «Чоң сегиз» катарынан чыгаруу демилгесин көтөрүштү.
Анализчилер баамында, президент Жорж Буш бул жолу европалык өнөктөштөрү менен, Ирак согушунан улам бузуп алган мамилесин кайра калыбына келтирүү аракетин жасайт. Орусия менен болсо тышкы саясат талкууга алынат. Анын себеби кийинки учурда курчуй баштаган маселе, биринчи кезекте – Ирандын ядролук куралга ээ болсом дымагы менен байланыштуу дешет.
20-февралда ОРТ сыналгысына берген интервьюсунда АКШнын президенти Жорж Буш сөзүн:
- Баарыдан мурда Владимир Путин экөбүздүн мамилебиз жаңыдан башталып аткан жери жок, - деген сөздөр менен баштады.
18-февралда Ирандын улуттук коопсуздук Жогорку Кеңешинин катчысы Роуханини кабыл алган Владимир Путин:
- Ирандын кийинки аракеттери анын чын эле ядролук курал өндүрүүгө ниети жок экенин билдирди. Демек, бул - аны (Иран – ММ) менен биз бардык чөйрөдө, алардын катарында ядролук энергетика жаатында кызматташа беребиз дегенди билдирет, - деди.
Америка-Орусия саммити алдында Путин тараптан айтылган бул кептин артында Вашингтонго кыр көрсөтүү бар экенин орусиялык стратегиялык изилдөө борборунун жетекчиси Андрей Пионтковский боолголойт. Маскөөнүн мындай кадамы катуу таарынычтан улам жаралганын айтат:
- Путин, Украинадан кийин, аракетинин оңунан чыкпай ойрон болушуна АКШ тымызын кедерги болду деп ага бек ишенип алгандан улам болуп атат.
Ал эми «Глобалдуу саясаттагы Орусия» журналынын баш редактору Федор Лукьяновдун ою боюнча саммитте көбүнчө тышкы саясатка артыкча маани берилет:
- Албетте, Иран менен Сирия эсептелет. Орусиядагы демократияга караганда Буш үчүн бул тема алда канча маанилүү маселе, - деп келип, “ошол эле учурда жолугушу маалында Орусиядагы демократиянын абалы, адам укугу жана мыйзам бийлиги тууралуу кеп да болот, бирок ал саммиттен кийин ачык айтылбай кала берет”, - дейт Лукьянов мырза.
Братиславадагы саммит жакындаган сайын америкалык мыйзам чыгаруучулар Орусияны «Чоң сегиз» катарынан чыгаруу сунушун киргизишкен. «Азаттыктын» Вашингтондогу кабарчысы Владимир Абариновдун айтканына караганда андай сунуш абдан беделдүү сенатор, Республикалык партиянын лидерлеринин бири - Жон Маккейнден түшкөн. Ага караганда сабырдуураак сунуш демократия–сенатор Хиллари Клинтондон түшкөн:
- Президент (Буш – ММ) анын ички дүйнөсүн көрүп эле тим болбой, балким, ага (Путинге – ММ) ал жасагандар бизди бушайман кылып атканын жеткирет деп үмүтөнөм, - деген Клинтон айым.
Президент Жорж Буш бул жолку батышка жасаган сапарында Франциянын президенти, Улуу Британиянын премьер-министри, Украинанын президенти, Италиянын премьер-министри, Германиянын канцлери, Орусиянын президенти менен жолукмакчы