Кытайдын вице-премьер-министри Тажикстанга келет

ДҮЙШӨМБҮ. Бүгүн Кытайдын соода боюнча вице-премьер-министри Тажикстанга келип, эки мамлекеттин соода-экономикалык алакалары боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт. Чайгаң Чаң эртең Тажикстандын соода жана экономика министри Хоким Солиев менен жолугат, бүрсүгүнү болсо өкмөт башчы Акил Акилов менен кезикмекчи. Кытай – Тажикстандын маанилүү соода өнөктөрүнүн бири. Өткөн жылы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 70 миллион долларга жеткен.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Кубат Оторбаев даярдады.