БИШКЕКТЕ «МСН» ГЕЗИТИН ЖАКТАГАН ПИКЕТ ӨТТҮ

Азиза Турдуева, Бишкек шаары Бүгүн (21-февралда) Бишкекте Өкмөт үйүнүн чыгыш тарабында “МСН” гезитин коргоо боюнча нааразылык иш-чара өттү. Бишкектеги “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өткөн бул пикетке бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, “МСН” гезитинин окурмандары катышты.
Пикетке чыккан 13 адам бир саат бою ооздоруна кагаздан жасалган кара түстөгү кулпуну “салынып” турушту. Ага чейин бул нааразылык чараны колдоп келген 20га жакын атуул “МСН” гезитин президент Аскар Акаев сотко беремин деп расмий билдиргени боюнча сын пикирлерин келген-кеткендерге айтып жатышты.

Бул күнкү пикетке келген Бишкектин тургуну Самаган Акимбаев президенттин “МСН” гезити боюнча айтканына карата мындай пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Кыргызда чындык чычалатат деген бир сөз бар. Чычалап атышат. Демек, колдору таза эмес. Президент минтип гезитти сотко берем деп коркуткандан көрө бул басылмада жарыяланган макаладагы маалыматты “мына мындай маалымат туура, мына булары туура эмес” деп элге түшүндүрүшү керек эле. Сөзгө сөз менен жооп бериши керек эле. Ал эми сот кимдин сөзүн сүйлөөрүн биз жакшы билебиз.

Ал эми пикетке чыккандарды колдоп турган Рахман Садырбаев мындай дейт:

- Мына карагыңыздарчы, мен биздин президент Аскар Акаев чындыгында эле элдин оозун жаап койду деп эсептейм. Биздин бийлик толугу менен корупцияланган. Бизде бардык жерде пара алышат. Биздин мамлекет башчыларыбыздын баары өздөрүнүн гана кызыкчылыктарын ойлоп калышты.

“Эркин маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана журналисттердин укуктарын коргоо уюмунун жетекчиси Алишер Токсомбаев болсо төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:

- Менин пикиримде, президент Аскар Акаев өзү баш болуп, эркин басылмаларга чабуул жасагандыгы туура эмес. Бул жакшы жышаан эмес. “МСН” гезитин соттук териштирүү болбой туруп, айыптоо да президентке жарашпаган көрүнүш. Президент «сот териштирсин» дейт. Бирок, өзү эле буга чейин Кыргызстандын калкынын 80 пайызы сотторго ишенбейт деген эле.

Кыргызстан партриоттук кыймылынын өкүлү Нурлан Мотуев болсо:

- Бизде он жылдан бери сөз эркиндиги бузулуп келе жатат. Бизде кайрадан тоталитардык түзүлүштү орнотууга аракеттер жасалууда. Канча гезит буга чейин жабылды, ири көлөмдөгү айып пулдарга жыгылды. Эми минтип бирин-серин калган эркин басылмаларды жабуу аракеттери көрүлүп жатат.

Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Виктор Черноморец болсо адамдын эркин ой-жүгүртүүсүнө тыйуу салуу мүмкүн эмес деген көз карашын айтты:

- Мына көрүп турасыздар, бул акцияда ооздору жабык турушат, ооздоруна кулпу салып турушат. Бүгүнкү күндө чындыгында эле сөз эркиндигине байланыштуу акыбал оор болуп калды. Ооба, оозду жабуу мүмкүн, бирок, ойду өлтүрүү мүмкүн эмес.

Пикет аяктаарына бир аз калганда, нааразылык иш-чара уюштурулган жерге 4 аял келип, пикетчилерди “силер бейпилдик турмушту, тынчтыкты бузуп, элди экиге бөлүп жатасыңар” деп, пикетте тургандарды айыптап, Президент Аскар Акаевдин кылган иштерин мактап, кыйкыра башташты:

- Силер жамандыкты издеп, башаламандыкты уюштуруп жатасыңар! Аксы окуясына да силер күнөөлүүсүңөр! Аскар Акаев силерге эмне кылды! Акаев элге бардык шарттарды түзүп берди! Иштегиле, акча тапкыла деп! Өкмөткө тийишкен - элге тийишкендикке жатат! Силер элди экиге бөлбөгүлө!..

Пикет болгон жерге келген төрт аял ушундайча ураан чакырып турушту. Нааразылык иш-чарасын уюштуруу үчүн тургандар бул төрт айымдын аракеттерин “чагым аракети” катары баалап, тартип коргоо органдары тарабынан жасалды деген пикирин айтышты.

Ал эми Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Петр Тяблин мындай пикирди четке кагып, “Азаттыктын” кабарчысына бүгүнкү пикет чарасы мыйзамсыз деп билдирди:

- Бул чагым кимдер тарабынан жасалгандыгын биз билбейбиз. Бирок, аны иликтейбиз. Биз тараптан жасалды деген маалыматтар негизсиз. Ал эми бүгүнкү акция мыйзамсыз деп эсептейм. Анткени, бардык нааразылык иш-чаралар жөнүндө алдын ала маалымдалышы керек болчу. Бул пикет болот деп тийешелүү органдарга алдын-ала маалымдалган эмес.

Пикет тынч аяктаган соң, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова нааразылык иш-чаранын максаты жөнүңдө “Азаттыкка” мындай деп билдирди:

- Биздин бүгүнкү акциянын башкы максаты – коомчулукка өлкөдөгү эркин басма сөз каражаттарынын абалы оор экендиги тууралуу, “МСН” гезити жабылуу коркунучу алдында тургандыгы жөнүндө маалымат берүү эле. Биз ошол максатыбызга жеттик деп ойлойм.

Пикетте турган Өндүрүш Токтоназаров болсо буларды кошумчалады:

- Биз эмне үчүн пикетке чыктык? Анткени, бийлик “МСН” гезитин жабууга аракет көрө баштады. Анткени, бул басылмада дайыма өлкөдөгү саясий жана башка окуялар оперативдүү, фактыларга негизделген материалдар менен чагылдырылат. Ал эми президенттик, парламенттик шайлоо алдында бул гезит бийлик башындагылар жөнүндө, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу көптөгөн материалдарды жарыялашы мүмкүн. Ошондуктан, бул гезитти жабуу керек болуп жатат.

Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өлкөдө эч кандай ыңкылаптар болбойт, андай окуялардын зарылчылыгы да жок деп байма-бай айтып, калайыкты митинг, демонстрация сыяктуу коомдук иш-чаралардан оолак болууга чакырып келет.

17-февраль күнү президент Аскар Акаев Улуттук сыналгы аркылуу Кыргызстан элине кайрылып, “МСН” гезитинде анын үй-бүлөсүнүн ар-намысына шек келтирген материалдар жарыялангандыгы үчүн анын үстүнөн сотко кайрылаарын маалымдаган.