БИШКЕК. Улуттук университет жетекчилиги студенттердин тизмесин текшерип жаткан инспекторлордун ишине кийлигишүү аракетин кылды. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы 21-февралда маалымат таратты. Текшерүү учурунда студенттердин тизмеси жок экендиги, мөөнөтүн узартуу максатында көптөгөн студенттердин паспорттору деканаттарда жаткандыгы аныкталды.
Буга чейин Акыйкатчы Медициналык академияга, Бишкек гуманитардык университетине таандык жатаканаларда катталган студенттердин эсебин алды. Мындай текшерүү Акыйкатчы институтунун аппаратына келип түшкөн арыздардын негизинде жүрдү.