ЖАЛАЛАБАТ. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустук бөлүмүнүн узак мөөнөттүү байкоочулары шайлоочуларга көптөгөн аймактарда кой союлуп, арак жана тамак-аш берилгенин катташкан. Сузак, Базаркоргон жана Кызылтуу шайлоо округдарында шайлоочулардын саны кескин өзгөргөн. Байкоочулар мындай кемчиликтерди 27-февралга чейин оңдоону шайлоо комиссияларына сунуш кылышты. Коалициянын адистери 385 участкага бирден кыска мөөнөттүү байкоочуларды жана 83 талапкердин ишенимдүү кишилери менен бирге көзөмөлчүлөрдү даярдоону 20-февралда да улантышты. Аларга милдет, укуктарын үйрөтүү менен шайлоонун жүрүшүн, баш бармакка белги коюунун, добуш берүүнүн жолдору үйрөтүлүүдө.