Ооганстанда кычыраган кыш чилдеси апаатка айланды

Саламаттык сактоо министрлиги келтирген маалыматтарга ылайык, аязга тоңуп, өпкөсүнө суук тийип өлгөндөр көбөйдү. Өткөн айда эле ар түрдүү оору-сыркоодон 120 бала кайтыш болду. Алыскы айыл-кыштактарга медиктер жете алышпайт, дары-дармек каат. Америкалык командачылык болсо эки тургундун өлүмүнө байланыштуу ишти иликтөөгө киришти. Айтымда, америкалык солдаттар өткөн аптада аңдоосуздан жергиликтүү адамдарды аткылап алышкан.