Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө чет өлкө өкүлдөрүнүн пикирлери да маанилүү эмеспи. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жана шайлоо өнөктүгү тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг менен болгон маекти сунуш кылабыз.
- Элчи мырза, соңку мезгилде АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатат деген пикирлер айрым өкмөттүк маалымат каражаттарына жарыяланууда. Ушундай пикирлерге негиз барбы?
- Мен буга чейин айткан сөздөрүмдү же жасаган аракеттеримди АКШнын саясатынан сыртка чыгуу катары санабайм. АКШнын саясаты Кыргызстанды келечекте бай жана демократиялуу өлкө болушуна салым кошууга гана багытталган.
- Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоолор убагында бийлик тарабынан айрым бир мыйзам бузууларга жол бериле турган болсо, АКШнын Кыргызстанга болгон мамилеси өзгөрбөйбү?
-Кыргызстанга дагы бир жолу демократияга жана эркиндикке карай ири кадам жасоого чоң мүмкүнчүлүк берилип жатат. АКШ өкмөтү колдоого алган түрдүү программалар, кыргыз элине өз өлкөсүндө демократиялык шарттарды өнүктүрүүгө жана алардын шайлоого байланыштуу укуктарынын толук пайдалануусуна жардам берүүгө багытталган. Учурда Борбордук шайлоо комиссия менен иш алып барып жатабыз. Биз берген көрүнбөс сыя жана башка нерселер шайлоонун адилеттүү өтүшүнө жетишээрлик шарт түзүү максатын көздөйт. Мен бул шайлоолор президент Аскар Акаев экөөбүз сүйлөшкөндөй, эркин жана адилеттүү өтөөрүнө толук ишенем. Ошондой эле мен ушул шайлоолордун ачык өтүшүн жана анын келечекте кыргыз-америка мамилелерин мындан да жакындатышын күтөм. Айтып кете турган нерсе, эгерде келечектеги шайлоолор биздин күткөндөрүбүздү актабай, ачык- айкын болбой калса, мындай жагдай биздин өлкөнүн эле эмес, көптөгөн эл аралык уюмдардын көңүлүн муздатат. Кыргызстанга буга чейин көрсөтүлгөн жардамдар бул кичинекей өлкөнүн демократиялык өлкө курууга болгон умтулуусунан улам берилип келген.
- Кыргыз президенти келээрки президенттик шайлоого катышпай турганын бир нече ирет айткан. Түштүк дубандарда Аскар Акаевди дагы бир мөөнөткө калтыруу демилгеси менен 155 миңдей адамдын колу топтолду. Мамлекет башчы Аскар Акаев өзүнүн конституциялык мөөнөтү бүткөндө кызматтан кетээрине ишенсизби?
- Менимче, Аскар Акаев бул маселе боюнча өзүнүн позициясын чет өлкөлүктөр үчүн эле эмес, жергиликтүү эл үчүн да буга чейин эле ачык көрсөттү деп ойлойм. Кыргызстандын Конституциясы да бул маселе боюнча эч кандай кошумча талаш-тартышты туудурбайт. Америкалыктар Конституция этияттык менен сейрек учурлардагана өзгөртүлүшү керек деген ишенимде. Аскар Акаев сөзүнө туруп, келээрки шайлоого барбай кала турган болсо анда ал өзүнүн артында демократиянын баштоочусу катары абдан чоң сабак калтырмак.
- Элчи мырза, өзүңүзгө маалым болгондой, мамлекет башчы Аскар Акаев 17-февралда «МСН» гезитин жалган маалымат таратууда деп айыптап, аталган басылманы сотко бере тургандыгын жарыялады. Эң ири саясий окуялардын алдында турган Кыргызстандагы эркин маалымат каражаттарынын абалын кандай деп баалайсыз?
- Кыргызстанды Борбордук Азиядагы эркин массалык маалымат каражаттарына жол берген эң алдыңкы мамлекет деп билем. Буга чейин да бул оюмду бир нече курдай айткам. Кыргыз эли өзүнүн келечегин чечип жаткан ушул жылы эркин маалымат каражаттарынын болушу абдан маанилүү. Эркин же ар түрдүү маалымат каражаттарынын өкмөт тарабынан кысымга алуусунун кичине белгиси болсо да ал бизди тынчсыздандырат. Ушуга байланыштуу айта кетчү нерсе, «Азаттык» радиостанциясынын март айында өзүнүн толкунунан ажырап калуу коркунучу да биздин тынчсыздануубузду туудурат. Анткени «Азаттык» радиосу, анын ичинде «Европа» радиосу да өзүнүн көз каранды эмес, эркин берүүлөрү менен Кыргызстанда ушул чечүүчү жылда шайлоолорду чагылдырууда эң чоң ролду ойномок. Ал эми «МСН» гезитине кайрыла турган болсок, андагы макалалар айрым адамдардын көңүлүнө жакпаса да, америкалыктардын көз карашы менен карап көрсөк, жакпаган макалалар үчүн эч бир маалымат каражаттары кысымга алынбаш керек. Жыйынтыгында бул жагдай жалпы элдин түрдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.
- Элчи мырза, маегиңиз үчүн чоң ыракмат.