Ирандын Бушер провинциясында катуу жарылуу болду

Ирандын мамлекеттик телевидениеси кабарлагандай, Бушер провинциясында бүгүн катуу жарылуу болду. “Ал-Алам” каналынын маалыматына ылайык, калк жашабаган аймактын үстүнөн учуп бараткан самолеттун май куйуучу бактарынын бири үзүлүп, жерге түшкөн. Окуя Дайлам портунун жанында, атомдук станция курулуп жаткан жерден 100 километр алыстыкта болгон.
Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү алгачкы иликтөөнүн жүрүшүндө жарылуунун эч кандай белгиси табылган жок деп билдирди.