Пакистан менен Индиянын тышкы иштер министрлери жолугушту

Дели менен Исламабаддын ырасмий өкүлдөрү 7-апрелден тартып Кашмир провинциясында тараптар ортосунда автобус каттамы киргизилет деп макулдашышты.
Жолугушуудан кийин жасалган биргелешкен билдирүүдө эки өлкө өзөктүк кырсыкты алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт деп айтылды.
Исламабадда визит менен жүргөн Индиянын тышкы иштер министри Натвар Сингх тараптар ошондой эле өзөктүк сыноолор жөнүндө бири бирин кабардар кылып туруу жөнүндө макулдашышканын ырастады.
Буга чейин министр Дели Пакистан аркылуу өтчү газ куурларын куруу долбооруна кошулуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат деп айткан эле.
Акыркы жолу Индиянын тышкы иштер министри Пакистанга 1989-жылы барган.