«ВЕЧЕРНИЙ БИШКЕК» «МСНден» 7млн. СОМ СУРАДЫ

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту көз карандысыз «МСН» гезитине байланышкан ишти 16-февралда карай баштады. Буга жабык типтеги «Вечерний Бишкек» акционердик коомунун (АОЗТ) жана «Вечерний Бишкек» гезитинин жетекчилеринин доо арыздары негиз берди.
«МСН» гезитине байланышкан доо арызды жабык типтеги «Вечерний Бишкек» акционердик коомунун директорунун милдетин аткаруучу Татьяна Шарова менен «Вечерний Бишкек» гезитинин баш редактору Ольга Безбородова берип, моралдык чыгым үчүн жалпысынан гезиттен жана эки кабарчыдан 7 миллион 350 миң сом сурады.

Даттануучу тараптын өкүлү Бакыт Курмановдун сотто белгилегенине караганда, арыздын жазылышына «МСН» гезитинде 2004-жылдын октябрь, декабрь айларында жарыяланган беш макала себепчи болду:

- «МСН» өткөн жылдын акыркы айларында бир катар макалаларды жарыялоо менен, «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн кызматтык беделине доо кетирди. Ошондуктан, басма үйү жарандык-укуктук тартипте өзүнүн ишкер беделин коргоону чечти.

Сот жараянында судья Мира Булатова эки арызды тең толук окуп берди. Арызда макалалардагы фактыларды негизсиз катары жокко чыгаруу суралган. Маселен, арызда келтирилген дооматтардын биринде мындай деп айтылат:

"2004-жылдын 8-октябрындагы «Раздался голос из помойки: Голосуйте за «Алгу!» («Таштандыдагы үн «Алга!» үчүн добуш берүүгө чакырды») аттуу макаладагы төмөнкү маанидеги үч сүйлөм чындыкка дал келбейт деп табылсын: «Анткен менен «Вечерка» азыр бюджетке берип жаткан салыктан бу жалганда карыларга эч нерсе тийбейт», «Белгилүү фактыларды дагы бир ирет эскертип коюу жөндүү. Вечерний Бишкекти» Адил Тойгонбаев жана анын жубайы Бермет Акаева – «Алга, Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү көзөмөлдөй электе казынага бир жарым миллиондон эки миллион сомго чейин салык түшүп турчу"

Арыздагы бул дооматтын салыкка байланышкан өңүтүн сотто «МСНдин» адвокаты Сергей Воронцов эске алып, аны Александар Кимдин «Вечерний Бишкекте» башкы редактор болуп турган учуру менен байланыштырды.

Ал эми «МСН» гезитинин жетекчилиги «Вечерний Бишкектин» доосуна макул эмес:

- «Вечерний Бишкектин» жетекчилиги президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин гезитке көзөмөлдүк кылаары тууралуу фактыны талашка коюп атат. Бирок, бул жалпыга белгилүү факт. Бул тууралуу баары айтып атышат. Депутттар да, Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да, анан эмне үчүн бул маселени «Вечерний Бишкек» акционердик коомунун директору талашка салып атат, бизге түшүнүксүз,- деди «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким.

Соттун жүрүшүндө адвокат Сергей Воронцов, башкы редактору Александр Ким, доо коюлуп жаткан макалалардын авторлору Рина Приживойт жана Лариса Ли экинчи тараптан башкы редактор Ольга Безбородованын, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун, Казакстандын жараны Адил Тойгонбаевдин, акционердик коомдун мүчөлөрүнүн сот отурумуна катышуусун жана Акционердик коомдун уставын алып келүүнү камсыздоону суранышты. Сот бир аптадан кийин уланмай болду.

Бирок, «МСНдин» өкүлдөрү соттук териштирүүлөрдү бийликтин кезектеги кысым көрсөтүүсү катары баалашат:

- Албетте кысым, болгондо да саясий кысым болуп атат. Биз бул тууралуу үч жарым жылдан бери жазып келатабыз.

Александр Кимдин мындай пикирине ушул эле күнү кечке жуук башталган "МСН" гезитине каршы башталган дагы бир сот отуруму да негиз берип жатат. Бул соттук териштирүүгө аталган гезитте «Кыргызгаз» ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу жазылган макала негиз берген.

Белгилеп койчу жагдай, ушул эле журналисттик топ башкарган «Моя столица- Новости» гезити өткөн жылдары соттук териштирүүлөргө тушугуп, мындай кырдаал гезиттин жаңы ат менен чыгышын шарттаган.