Румын президентинин Москвадагы визити уланууда

Бүгүн Траян Бэсеску орус өкмөтүнүн премьери Михаил Фрадков менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады. Кечээ ал президент Владимир Путин менен жолугушкан эле. Эки өлкөнүн солгундап кеткен карым-катнашы кайра жандана тургандыгы айтылды. Бэсеску Днестр кылаасындагы жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Румынияны да катыштыруу өтүнүчүн билдирди. Бэсескунун өкүлү ырастагандай, кокус НАТОнун жетекчилиги чечим кабыл алса, Румыниянын аймагында альянстын аскер базасы түзүлүшү ыктымал экендиги, мындай базанын ачылышы Россияга каршы жасалган кадам болбой тургандыгы да орус тарабына айтылганын ырастады.