Еврокеңештин баш катчысы Москвадагы сапарын аяктап жатат

Терри Дэвис бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, терроризмге каршы күрөшкө, адам укуктарына, Чеченстандагы жагдайга байланыштуу маселелерди талкуулады. Еврокеңештин баш катчысы чечен жаңжалын жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоону орус бийликтери өздөрү чечет деп айтты. Ошону менен бирге Еврокеңештин мүчөлөрүнө коюлган талаптарды Россия азырынча толук аткарбай жатканын да белгиледи.