Грузиядан орус аскерлерин чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү токтоп калды

Орусиянын тышкы иштер министрлиги кечээ таркаткан билдирүүдө Тбилисиде өтүп жаткан сүйлөшүү Грузия өз турумун өзгөрткөндөн улам үзгүлтүккө учураганы, бирок сүйлөшүү улантылаары айтылат.

Грузияда Орусиянын эки аскер турагы бар. Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Мераб Антадзе бул базаларды чыгарып кетүү боюнча келишим жетишилбесе, Грузия аларды "мыйзамдан тышкары" деп жарыялашы мүмкүн экендигин эскертти.

"Итоги" журналында жарыяланган маегинде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Маскөөнүн Грузияда мыйзам ченемдүү коопсуздук кызыкчылыктары бар" деп ырастады.

Орусия бул базаларды эки ортодо "анти-террордук" борбор катары колдонууну сунуш этүүдө, бирок Антадзе бул сунушту Тбилиси кабыл ала албай тургандыгын билдирди.