Европа жана Борбор Азия жумуш өкүлдөрү жыйналыш өткөрүп жатышат

Будапешттеги жыйынга 50дөн ашык делегат катышууда. Беш күнгө созулуучу конференцияда жумуш менен камсыз кылуу маселеси талкууга алынат.

Эл аралык Жумуш уюмунун Европалык аймактык жетинчи жыйынынын күн тартибинде негизинен миграция, жаштарды иш менен камсыз кылуу, пенсия системасынын реформасы жана башка социалдык чаралар бар.

Бүгүн эртең мененки сессияга Люксембургдун өкмөт башчысы Жан-Клод Юнкердин катышуусу күтүлүүдө. Юнкер учурда - Европа Биримдигинин өтмө президенти.

Таңкы жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады