РАМСФЕЛД КЫТАЙГА БАРГЫСЫ КЕЛЕТ

Америка Кошмо Штаттары мындан төрт жылдай илгери Кытай менен аскерий карым-катнашын үзүп койгон эле. Буга Хайнендеги окуя себепкер болгон. Америкалыктардын кайгоолдо жүргөн аскер самолету Кытайдын кырмаучагы менен кагылышып, аргасыздан Хайненге конгон. Пекин бийликтери самолетту экипаж мүчөлөрү менен эки аптадай кармап жатып, акыры бошоткон. Ошондон соң тараптардын аскери өкүлдөрү өз ара келим-кетим жасабай калган. Бирок эми Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд кытайлыктар менен кайрадан карым-катнаш түзүүнү көздөп,Пекинге барсамбы деп кыяз кылып жатат.
Кытай бийликтери жакында эле атайын билдирүү жасап, америкалыктардын Тынч океандагы, айрыкча Тайванга байланышкан аскери айрым аракеттерине кооптонуусун айткан эле. Пекинден чыккан бу апазды Пентагон дегеле таңазар алган жок деп айтышка болбойт. АКШнын Пекиндеги мурдагы элчиси Жеймс Лилли өкмөттүк билдирүүдө тоңбийирээк абаздар болгонун моюнга алды.

Тайванга байланыштуу кытайлыктардын тынчсыздануусун түшүнсө болот,бирок муну Пекиндин позициясы кескин өзгөрдү деп жоруган да туура болбойт. Бирок Рамсфелддин Кытайга барганга кызыгып жатканы буга байланыштуу эмес. Лиллинин айтымында, Рамсфелд мамилелерди өнүктүрүүдө конкреттүү эмне иштерди жасоо керек, терроризмге каршы кантип биргелешип күрөшүү зарыл, Хайнендегидей окуяларды кайталабас үчүн эмне талап кылынат, ушу өңдүү маселелерди кабыргасынан коюп, ачык-айрым талкуулагысы келет.

Дегинкисинде Пекин менен Вашингтондун арасын суук селки кыла турган маселелер аз эмес. Жакында Женевада БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын кезектеги сессиясы ачылат, ага Кытайдагы абалды сынга алган резолюциянын долбоору кайра коюлат.

Вашингтон көп жылдардан бери бу резолюцияны колдоп, өткөрө албай жүрөт. Быйылкы сессияга кандай позиция менен барарын мамлекеттик департамент али так аныктай элек.

Мындан тышкары Конгресстин өкүлдөр палатасындагы айрым топтор Кытайга соода-сатык чөйрөсүндө оңтойлуу статус берген чечимди жыл сайын жаңылап карап туруу демилгесин көтөрүп жатышат.

Эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар айланымы АКШнын 600 миллиард доллар өлчөмүндөгү соода тартыштыгынын чейрек бөлүгүн түзөт. Бирок конгрессмендер мындан Кытай гана майнап таап жатат деп эсептешет.

Кытайлыктар америка товарларын уурулук жолдор менен жасап, аны кайра америкалыктарга экспорттоп турушат.

Конгрессмен Питер ДеФазио бу жагынан америкалык жумушчулар Кытай сындуу өлкө менен теңтайлаша албай турганын, Пекин өкмөтү өзүнүн көптөгөн компанияларына Америкада жасалган товарларды каракчылык жол менен кайра өндүргөнгө тыюу салбай, эл аралык соода эрежесин бузуп жатканын белгиледи. Ошондуктан бу маселеде Пекинге кысым жасай турган учур келди, Кытайга эркин соода статусун берген чечимди конгрессте жыл сайын талкуулап, анын мөөнөтүн узартуу же токтотуу керекпи, ушуну аныктап туруу зарыл, дейт конгрессмен.