БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Чеченстанга барат

Луиз Арбор бул тууралуу кечээ Москвада экенинде билдирди. Арбордун айтымында, аны Чеченстанга Орусиянын бийликтери өздөрү чакырышты.

Укук коргоочулар Чеченстанда орусиялык аскерлер жана маскөөчүл чечен күчтөрү карапайым тургуднарга зөөкүрдүк көрсөтүп, жикчилдерди колдогон деп шектелген эркектерди кармап кетишээрин айтып келишет.

Таңкы кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады