Шайлоого үч жүзгө жакын эл аралык байкоочу көз салат

БИШКЕК. Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоого үч жүзгө жакын эл аралык, 2 миңге жакын жергиликтүү байкоочулар көз салышат. БШК маалыматына караганда, парламенттик шайлоого ЕКК уюмуна мүчө жана башка өлкөлөрдөн 170, КМШ өлкөлөрүнөн жүзгө жакын, Шанхай Кызматташтык уюмунан беш, ал эми жергиликтүү «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынан 170 байкоочу катышат. Байкоочулар шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир аптанын ичинде өз байкоолору боюча коомчулукка маалымат беришет.