“Тамчы” эл аралык абамайданы быйыл ишке киргизилет

ЫСЫККӨЛ. Өкмөт башчысы Николай Танаев адегенде Чолпоната шаарындагы курулуп жаткан «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун жана балдар санаториясынын бүгүнкү күнгө чейин бүткөрүлгөн иштери менен таанышты. Андан соң Тамчыдагы эл аралык абамайданында болуп, Жапон өлкөсүнүн 5 млн. доллар кредити менен быйыл ишке киргизилээрин белгиледи. Ошондой эле ИЛ, ТУ, Боинг жана башка абаучактарына ылайыкталган учуп-конуу тилкелери да жаз алды менен орнотулат. Премьер- министр абамайданын эл аралык стандартка ылайыктоо үчүн көп каражат жумшалып, инвесторлорду тартуу зарылдыгын белгиледи.