Орусия оппозициядан чочулабайт

БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев менен Москвадагы жолугушууда «эки тараптуу мамилени өнүктүрүү маселеси» талкууланды. Бул тууралуу Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов ушул күндөрү Москвада жүргөн кыргыз журналисттерге билдирген. Бул тууралуу РИА «Новости» агенттиги кабарлады. Игорь Иванов оппозицялык маанайдагы кыргыз саясатчысы менен жолугушууну «кадыресе көрүнүш» катары баалап, аны эч кандай чатак иш катары карабаганын айткан. Курманбек Бакиев январь айынын орто чендеринде Москвада болуп, анда Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов баш болгон бир катар саясатчылар менен жолугушкан эле.