Түндүк Корея өзөктүк куралы бар экендигин мойнуна алды

Ырасмий Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөргө катышпай тургандыгын билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги таркаткан бүгүнкү билдирүүдө “Түндүк Корея талкууга убактылуу катышпоону чечкендиги” кабарланды. Бул канчага созулаары белгисиз.
Билдирүүдө өлкө сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартууга мажбур болгон себеби АКШ Түндүк Кореяга карата душмандык мамиледе экендиги айтылат.
“Өзөктүк курал Пхеньянга АКШнын коркунучунан сактануу үчүн гана керек” деп айтылат ырасмий билдирүүдө.
Пхеньян сыналгысынан ким экени белгсиз киши чыгып, мындай деди.

- Биз бир канча ирет өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Келишимден чыгуу аракетин көрдүк. Биз өзөктүк куралды өзүбүздү Буштун администрациясынан коргоо үчүн жасаганга аракет кылдык, - деди атын атабаган түндүк кореялык киши.

Бул ырасмий Пхеньяндын анда өзөктүк куралы бар экендиги тууралуу алгачкы ачык билдирүүсү болду.

Буга жооп иретинде бүгүн Люксембургда Евробиримдиктин лидерлери менен жолуккан АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс “Түндүк кореялыктар өздөрүн буга чейинкиден бетер жашыра башташты” деп билдирди.

- АКШ менен анын союздаштары Түндүк Корея көрсөтүп жаткан коркунучка каршы туруштук берүү үчүн жетишээрлик күчкө ээ. Андыктан, биз Пхеньян башка жолду тандайт ко деп ишенебиз, - деди Райс айым.

Негизи, Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасын тоңдуруу максатын көздөгөн сүйдөшүүлөр 2003-жылдан бери уланып келатат. Ага АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Кытай жана Япония катышууда.