БИШКЕК. Шайлоо жараяны башталгандан бүгүнкү күнгө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына 70тен ашык арыз-даттануу түштү. Бул тууралуу Борборшайлоокомдун мүчөсү Тахир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, арыздардын басымдуу бөлүгү талапкерлердин добуштарды сатып алуу аракети менен байланыштуу. Бирок мындай дооматтар азырынча далилдене элек. БШК арыздардын 10% ке жакынын Башкы прокуратурага жолдоду. Мындан тышкары Борбор шайлоокомго 80 ге жакын телефон чалуу катталды.