“МИНИСТР КЕЗИНДЕ ЖАКШЫ, ОППОЗИЦИЯДА ЖАМАН”, АКШ ЭЛЧИСИНИН МАЕГИ ЖАНА “А. АКАЕВ САЛГАН ҮЙ”

Кыргызстан элинин 5-курултайында президент сунуш кылган тазалык программасы тууралуу ар кыл пикирлер жарыяланууда. Парламенттик шайлоо алдындагы саясий кырдаал, журналисттин адеп-абийири, АКШнын Кыргызстанга берген жардамы сындуу олуттуу темалар кыргыз гезиттеринде чагылдырылды.
«Жалаң эле колду жуубай, кулакты деле тазалоо керек» деп жазды бейшембидеги «Трибуна» гезити Кыргызстан элинин 5-курултайынын чечими жөнүндө.

“Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер кызматына киришерден мурун колун жакшылап самындап жуушу керек. Антпегендер үстөлүнөн ажырап, ишинен куулат. Мамлекеттик кызматчы өз нанын таза колу менен таап жеши абзел. Антпесе, колун - самын, бутун - «Тайд» менен жууса да айыпка жыгылып, азапка кабылышы ыктымал” деп жазат гезит автору Р.Жанбалаев.

Автордун айтымында, биздин аткаминерлер президенттин сестүү эскертүүсүн оң кулагы менен угуп, сол кулагынан чыгарып ийишке көнгөн. “Ошон үчүн президенттин беш бөлүктөн турган программасына «Чиновниктердин таза кулагы» деген бөлүмдү кошуу зарыл” дейт макала автору.

«Контракт коррупциядан сактануунун жолу» деп жазат бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде Токой кызматы жетекчисинин орунбасары А.Самыкбаев. Анын ырасташынча, колунда контракты бар, ишин жакшы аткарган кызматкер жетекчисине мурункудай көз каранды болбой калат.

Гезитте чет жерде иштеп жүргөн кыргыз эмгек мигранттарынын проблемасына арналган макала жарыяланган. Басылманын маалыматына ынансак, Кыргызстандан Орусия менен Казакстанга иштөөгө кетип аткандардын көпчүлүгү тийиштүү документтерин топтошпойт.

“Парламент шайлоого Кыргызстан Акыйкатчысы көзөмөл жүргүзүүгө акысы барбы-жокпу суроосу Шайлоо кодексинде белгиленбей калыптыр” деп жазат жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Эмилбек Момунов. Ушу тапта БШК менен Акыйкатчы институту мыйзамга таянып бул маселе боюнча талаштын өртүн тутандырышууда.

«Аалам» гезити апта соңундагы санында добуш берүү баракчалары «Учкун» басмаканасында басыларын маалымдады. «Болжол менен көгүш түстөгү 2 млн. 600 миң бюллетен даярдалышы күтүлүүдө. Алар 12-февралдан 17-февралга чейин басылып бүтөт. Ал эми ага болгон көзөмөл кандай болот, бул акыйкатты сүйлөгөндөрдүн абийиринде» деп жазат журналист Кенжебек Арыкбаев.

Ушул эле гезитте журналист Кенжалы Сарымсаков кыргыз журналисттеринин адеп-ыйманына байланышкан маселени козгогон. Өкмөттүк гезиттер министр, ректор болуп турган чагында Ишенгүл Болжурованы асман-айга жеткире көкөлөтүп мактап келишсе, эми анын ата-тегине чейин асылып, теңирден тескери кетишине токтолуп, автор минтип жазат: «Мурда теги да, өзү да, иши да өрнөк, үлгү делип гезит, телерадио аркылуу даңазаланган ректор, министр неге бүгүн токсон градуска тескери айтылып атат? Ушунун өзү саясатпы? Саясат болсо анын кереги кимге? Мүмкүн бирөөлөргө керектир. Бирок улутка, элге кереги жок. Калк калыс сөзгө татыктуу».

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг «Аалам» гезитинин суроолоруна жооп берген. Элчинин айтымында, 1992-жылдан бери АКШ Кыргызстанга 750 миллион доллар акча жардам катары берген.

Айрым өкмөттүк басылмалардын АКШ элчисине карата сын пикирлерине токтолгон Стивен Янг момундай жооп узаткан: «Эң башкысы сиздердеги айрым мамлекеттик чиновниктерге окшоп мени айрым учурда ашыкча «көөлөп» ийген басма сөздөр менен соттошпойм. Мен өз ишимди аткара берем. Алар өз ишин аткарышууда».

Президент А.Акаев бийлигин узартуу үчүн эки варианттын бирөөн тандап алышы ыктымал экендигине жума күнкү «Кыргыз руху» гезити токтолду. Анда жазылгандар боюнча, жалаң капчыктуулардан чогулган жаңы парламент Конституцияны өзгөртө коюп президентти депутат андан соң спикер кылып шайлап тынышат да, көп өтпөй өкмөттү жаңылап, ордуна экс-президентти дайындап жиберишет.

“Эгер бул жол жарабай калса президент мураскерин тандай албай убакытты колдон жулдуруп салышы ыктымал” деген болжолду алдыга жаят гезит авторлору А.Дүйшөмбиев менен Т.Бешкемпиров.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында Кыргызстандын Индиядагы элчиси Бакыт Бешимовдун «Коррупция кожоюндук кылган мамлекетте демократиянын өнүгүп-өсүшү мүмкүн эмес» деген аталыштагы маеги жарыяланды.

«Бийликте кээ бир топтор, айрыкча 1996-жылдан кийин, туура эмес балит идеяларга өздөрүн багынтты. Демократия учурунда бийликти кара күч (административдик ресурс) жана финансылык үстөмдүк менен кармайбыз деген ой көп жетекчилердин башын айлантты» дейт Бакыт Бешимов.

Жума күнкү «МСН» гезитинде «А.Акаев салган үй» деген саясий темадагы ыр, ага журналист Р.Приживойттун кириш сөзү жарыяланды.